Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев быйыл жайында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык «Көлфест» фестивалын өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 2-марттагы жыйынында билдирди.
Сагынаев аталган иш-чара «кыргыздын улуттук баалуулуктарына туура келбейт» деген негизде ага жол бербөө боюнча ИИМден жана Маданият министрлигине кайрылды.
«Бир нече жыл мурда биздин биздин каада-салтыбызга, нарк-нисилибизге, маданиятыбызга терс мааниси бар көрүнүштөр менен фестивал өткөн. Жергиликтүү тургундар жана фото, видео далилдер боюнча биздин улуттук кийим калпак, элечек, чепкенди жылаңач денесине кийип, бийлеп биздин наркыбызга жат иш-чара болгон. Андан кийин жыйнаган учурда баңгизат колдонулган ийнелер табылган», — деди Сагынаев.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мыйзамга каршы келген нерселерге чара көрүлүп, коопсуздукту карай турганын билдирди.