Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку упай алып, рекорд жаратты. Бул тууралуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.
Анын айтымында, экзамен боюнча эң жогорку балл мурда 86,8 болчу. 2022-жылы эң жогорку упайды (91,6) Улукбек Абсаматов алса, 2023-жылы Кадырбеков рекордду жаңылаган. (96,8 упай).
«Бул 3 жылдын көрсөткүчү боюнча жогорку жыйынтык. Кадырбеков тестти ийгиликтүү тапшырды», — деди ал.