• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Депутат: Камчыбек Ташиевге теңелбегиле

2 Кулжа 2022 18:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 2-июндагы жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди мактады.

«Ал киши (Камчыбек Ташиев) кыргыз элинин ишенген генералы. Депутаттардын үчтөн бири Ташиевдин артынан өсүп келе жаткан саясатчылар. Айрымдар ага теңелип, эртең «буттары сынып калбасын». УКМКнын да жакшы иштерин айтышыбыз керек. Бюджеттен бир сом кетирбей, 20дай райондук, шаардык бөлүмдөрүн жаңыдан куруп, оңдоодон өткөрүп жатышат. «Байрактар» аскердик техникасын алып келгенин эмнеге айтпайсыңар? Коопсуздук жагын катуу көзөмөлдөп жатышат. Карап отурсам, сындаганга өтүп алдыңар», — деди депутат.

Количество просмотров: 2820