Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевден коронавирус табылган жок. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбеков фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Эске салсак, буга чейин ЖМКлар эл өкүлү Каныбек Иманалиев менен Акылбек Жапаров коронавируска чалдыккан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу менен байланышта болгонун жазып чыгышкан болчу.