• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Авариялык абалда турган мектептерде окуучулар окуп жатышат

14 Жетинин айы 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV
Бүгүн  Жогорку Кеңеште өтүп жаткан “Өкмөттүк саатта” ЖК депутаты Карамат Орозова шарты начар болгон, уроо алдында турган мектеп имараттарында окуучулар эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин окуп жатканын айтып,суроо салды. Ал  ӨКМ авариялык абалда деген мектептерге балдар окубашы керек экенин, алардын коопсуздугуна ким жооп бере турганын кошумчалап өттү.
Бул берилген суроого КРнын Вице-премьери Алтынай Өмүрбекова төмөнкүдөй жооп берди.

“Эгер айтылгандай жыйынтык чыгарылган болсо, ал имарат консервация болуп пайдаланууга берилбеши керек болчу. Бирок башка окуй турган жер жоктугуна байланыштуу  кээ бир авариялык абалда турган мектептерде балдар окуп жатат. Аны мойнубузга алабыз”,-деп жооп берди.

Количество просмотров: 16