Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага карата баш коргоо чарасын узартуу маселесин карап, 9-декабрга чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарды.
Башкы прокуратура И.Карамушкинага Жазык кодексинин 244-беренесинин 3-бөлүмү, 43-беренесинин 2-бөлүмү («Адамдарды барымтага алууга катышуу») менен айып тагылганы тууралуу маалымдаган. Алгач аны 8-октябрга чейин үй камагына алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими 22-августта чыккан болчу.