Анда: «Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Райымбек Матраимов келди. Ал кекирейип депутаттар жана өкмөттүн мүчөлөрү менен кол алышып учурашып, VIP орундарына отурду. Коррупцияга каршы күрөштү мамлекеттик чөнтөкчүлөр, паракорлор жеңип жатат. Мен башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директоруна кайрылат элем. Эмне үчүн Матраимов боюнча кылдат иликтөөнү президенттин алдына койбойсуңар? Кубанычбек Кулматов канча акча агымы бюджетке түшүшү керектигин так көрсөтүп, кызматтан алынып, УКМКнын абагына отургузулду. Кулматов грант бөлүп мектеп курганы, канаттуулар фабрикасына акча бербегени үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына отургузулду. Ал эми «Раимчик» өзүнүн элинен уялбастан, жашынбастан сырткы сымбатын көрсөтүүдө. Башкы прокуратурага, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына уят», — деди Карамушкина.