• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Карамушкина Рита Карасартованын талапкерлигин колдоду

26 Аяк оона 2018 12:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе каралып жатат. Депутат Ирина Карамушкина Рита Карасартованын талапкерлигин колдоду.
“КР да бир да жолу “Омбудсмен айым” болгон эмес. Рита Карасартованын буга чейинки жасаган иштерине баа берип,  бул кызматка татыктуу кондидат деп эсептейм”,- деди эл өкүлү.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе каралып, шайлоону өткөрүү үчүн комиссия түзүлдү. Акыйкатчылыкка парламенттик фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Акыйкатчы ошолордун арасынан тандалып алынууга тийиш.
Количество просмотров: 27