Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айгүл Айдарова мектепте балдарга ысык тамак берүү маселесин көтөрдү.
Депутат атайы тамакка бөлүнгөн каражат ортодо жем болуп калып жатканын айтып, тамак берүүнү жоюп салуу керектигин айтты.
«7-14 сомго эптеген тамак алып бергенден көрө жоюп эле салбайлыбы. Анткени жогоруда мисал кылгандай бөлүнгөн акчалар башкаларга жем болууда. 14 сом толук бир балага кетпейт. Директорлор тендерлерде ортомчулар менен сүйлөшүп алып, 8 сомун жеп коет экен. 1-класстан 4-класска чейин тамак бербей эле коёлу. Катуу нан жеп, арыктан суу ичип эле чоңойгонбуз, эч ким өлгөн эмес. Ортодогу акчаны бирөөгө жедиртип койбойлу. Биз биягынан толтуруп жатабыз. Асты тешик ошол жактан түшүп жатат. Биздин президент аракет кылып жатат. Ортомчу шүмшүктөр жеп кетип жатат. Андан көрө баарын жокко чыгарып туруп, бирөөгө жем болбойлу»,- деди ал.