• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Депутат: Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип, педофилдерди провокация кылууда

13 Аяк оона 2022 17:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн ЖК комитетинин жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков айрым мектеп окуучу кыздар өтө кыска юбка кийип жүргөнүн айтты.

Анын айтымында, мындай көрүнүш менен кыздар педофилдерди провокация кылууда.

“Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип турат. Кээ бир учурда ушундайлар педофилдерди провокация кылууда. Балким жөнөкөй адам байкабайт, бирок, педофилге окшогондор аны байкап эле, артынан түшүп жатпайбы. Ошон үчүн ата-энелер, мугалимдер, деги эле жалпы коомчулук бул нерсе менен иштеп маселе чечиш керек го. Участковыйлар барып ата-энелерге, окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек го дейм», — дейт депутат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын угушту.

Количество просмотров: 546