• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат кесиптештерине генерал Курманкуловго бир күндүк айлыгын берүүнү сунуштады

16 Жетинин айы 202210:49 Бишкек Govori.TV

Кой-Таштагы башаламандыкта жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловго депутат Женишбек Токторбаев депутаттарга жардам ирээтинде бир күндүк айлык маянасын берүүнү сунуштады.


«Мындан бир апта мурун Кой-Таш окясында жабыркаган генералыбыз Самат Курманкуловго барып кабар алып келдик. Акыбалы абдан начар экен. Жаш баладай ыйлады. «Жардам берип койгулачы? Депутаттарга айтып кол кабыш кылып, жардам бериңиздер, кыйналдым»,- дейт. Ошого депутаттар макул болсо бир күндүк айлык маянабызды жардам ирээтинде берип койсок»,-деген сунушун айтты.

Количество просмотров: 371