Өкмөттүн коронавируска каршы көрүп жаткан чаралары эффективдүү эмес. Мындай пикирди депутат Исхак Пирматов бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.
«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу абалды пандемия деп жарыялады. Маалымат каражаттары коронавируска каршы кандай иш-чаралар болуп жатканын жарыялап жатат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 100 адамдан ашык топтолгон жерлерге жана маданий иш-чараларга тыюу салынды. Бул жөн эле көргөзмө катарында тыюу салындыбы? Тойлор өтүп жатат, ал жакта, соода түйүндөрүндө 100дөн аз адам болуп жатабы? Өкмөттүн иш-аракеттерин түшүнбөй жатам. Бүгүнкү көрүлүп жаткан чара эффективдүү эмес», — деди Пирматов.