Депутат Каныбек Иманалиев “токтомду Казакстандан көчүрүп алганыңарды кичине жашырбайсыңарбы” деп өкмөттү сынга алды.
Өкмөт 1-майдан тарта ишмердүүлүгүн уланта турган экономикалык тармактардын тизмесин токтомго киргизген. Анда “химиялык жана нефтигаз өнөр жайы; – машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;” тармактары иштей баштары айтылган.
“Химиялык өнөр жай Кыргызстанда барбы? Машина куруу же прибор жасоо Кыргызстанда барбы? Андай болсо ядордук согуштарды чыгаруу, атомдук куралдарды чыгаруу, космостук өндүрүштөрдү чыгаруу 1-майдан тарта иштейт деп жазып койбойсуңарбы?”, — деп какшыкка алды депутат.