• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат өкмөттүн ишин таш баканын кыймылына салыштырды

3 Кулжа 2020 13:27 Бишкек Govori.TV


Жерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн иши таш баканын кыймылындай. Мындай пикирди депутат Нурбек Алимбеков бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, өкмөт жерди трансформациялоо боюнча иштерди кечиктирүүдө.

«Өкмөт элдин зар болуп турганына карабай, жерди трансформациялоо боюнча иштерди кечеңдетип келет. 2009-жылга чейин алынып, үй курулуп калган тилкелерди трансформация кылгыла деп өкмөткө мыйзам кабыл алып бергенбиз. Андан кийин алынган жерлерде курулган турак жайларда азыр эл жашап жатат. Бул боюнча жаңы мыйзам алып келгиле дегенбиз. Бирок бир дагы жыйынтык жок. Өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча ишинин ылдамдыгы таш баканын кыймылындай болуп жатат», — деп билдирди депутат.

Количество просмотров: 178