• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат: Контейнерден мектеп ачкан Нарындын акиминин жоопкерчилигин кароо керек

5 Аяк оона 2019 11:22 Бишкек Govori.TV

Депутат Жыргалбек Турускулов контейнерден мектеп ачкан Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин жоопкерчилигин кароо керек деп эсептейт.

Депутаттын айтымында, аким менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы мектеп куруу боюнча маселени чечүү үчүн болгон эшикти каккылашы керек болчу.

«Бирок алар уялбай туруп, контейнерден мектеп ачышты. Аким өзүн да, премьер-министрди да, мамлекетти да уят кылды. Жоопкерчилигин кароо керек. Акимге карата сөзсүз чара көрүү зарыл. Сүрөттөрдө ал президиумда отурат, ал баарыбызды уят кылды», — деди депутат.

Эске салсак, Кеңеш айылында 2-сентябрда контейнер-мектептин ачылышы болгон. Бул жаңылык коомчулук тарабынан катуу талкууга алынын, бир катар сын пикирлерди жараткан эле.


Количество просмотров: 62