• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Коргонбай уулу дубалы ураган имаратка тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди

28 Жалган куран 2022 12:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Бишкек шаарында бир жак капталындагы дубалы ураган имаратты куруп жаткан компанияга тиешеси тууралуу түшүндүрмө берди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына «KG Восток Сервистин” негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун, саясатка кетип, депутаттык мандат алгандан тартып аны өткөрүп бергенин билдирди.

«Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга баардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз.
Ал эми мен бул курулуш мекемеде негиздөөчүлөрүнүн (учредитель) бири болгом. Мыйзамга ылайык депутаттык мандат алаарда «доверительное управлениеге» өткөрүп бергем. Азыр ал жерде өзүнүн мүдүрү, подрядчиктер бар. Тиешелүү документтердин баары алардын колунда. «KG Восток Сервис» курулуш мекемеси өзүлөрүнүн объектисинде болуп жаткан иштерге жоопкерчиликтүү мамиле жасаарына ишенем.
Бирок, ошол эле учурда мага жасалып жаткан кара пиар, күч алып баратканына көңүл бура албай койбойм. Курулуш мекеме бул кырсык боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө үн катат, деген ойдомун. Мен азыр саясатка кеткен адаммын», — деп жазат депутат.

Жекшембиге караган түнү Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анда үч адам жаракат алганын кабарлаган. Учурда териштирип-иликтөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 2839