• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат: Коронавирус боюнча паникага алдырбаш керек

29 Үчтүн айы 2020 19:06 Бишкек Govori.TV

Коронавирус боюнча паникага алдырбаш керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө коронавируска салыштырмалуу сасык тумоодон көз жумгандардын саны көп.

«Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес, дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок. Мисалы Америкада октябрь айынан тартып, грипп эпидемиясы жүрүп жатат. Анда 15 млн жаран грипп менен ооруп, 8200 киши каза болгон. Ошол абал элди козутпай, Кытайда тараган вирус паника түшүрүп жатат»,-деди депутат.

Количество просмотров: 69