• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

20 Тогуздун айы 2020 14:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тастыктады.

Буга чейин Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 («Мыйзамсыз баюу») жана 324-беренеси («Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу») боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин Финполдун азыркы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Алардын арасында Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Ал эми Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган.

Азырынча Жумалиевге мындай чара кайсы иш боюнча колдонулганы айтыла элек.

Количество просмотров: 112