• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутат Кумтөрдө иштегендерге грамота берүүнү сунуштады

2 Бирдин айы 2023 10:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кумтөрдө иштегендерге грамота берүүнү сунуштады.

«Жакында депутаттар Кумтөргө барып келдик. Биздин жарандар 5 миң метр бийиктикте, кыйын шартта иштешет экен. Аларга ыраазы болушубуз керек, пол жуугучунан баштап, жетекчисине чейин. Шарттар татаал. Кудайга шүгүр, ошол өндүрүштү токтотпой иштеп жаткандарына абдан кубандык. Урматтуу төрага, 31-августта аларды Жогорку Кеңештин грамоталары менен сыйлап койсок деген сунуш берели колдоп берсеңиз»,-деди Түлөбаев.

Эске салсак, 30-январда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барышкан болчу.

Количество просмотров: 115