• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Депутат Кыдыралиев: Өмүрбек Чиркешович биз сыйлаган сайын бизди эч оюна албай жатат

9 Бештин айы 202011:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутат Үмбеталы Кыдыралиев жалпы жыйында сөз сүйлөп, Текебаевдин билдирүүсү боюнча оюн айтып, кесиптешине нааразычылыгын билдирди.

«Өмүрбек Чиркешовичти биз сыйлайбыз, ал эң мыкты депутаттардын бири. Бирок, ал биз сыйлаган сайын бизди эч оюна албайт да. Ушундай кемчилигин байкап калдым, дайым өзүнүн эле оюн айта берет. Азыр да Конституциянын жаңы долбоорун иштеп жатабыз. Биз дайыма келигиле деп айтабыз. Москвага биздин делегация барса тарыхта болбогон кыргыздар каршы митингге чыкканын айтып жатат. Мен айтат элем, алар буюрутма менен чыгышкан. 2010-жылы жазылган Конституция менен жашадык», — деди ал.

Ага чейин билдирүү жасаган депутат Өмүрбек Текебаев референдум тууралуу мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш деген пикирин айткан эле.

«Бизде бир дагы жол-жобосу сакталган жок. Дагы бир нерсе, мыйзамдагы сунушталган мамлекеттик башкаруунун формасы туура берилген эмес. Аткаруу бийлигин уюштуруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакшылап окуп алгыла. Президенттик, парламенттик башкаруу формасы деген жок. Мындай референдумду эч ким тааныбайт. Мамлекеттик башкаруу деген таптакыр башка. Маселе так, ачык болушу керек. Элдин башы айланып калды», — деди Өмүрбек Текебаев.

Эске салсак, бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырды.

Количество просмотров: 497