Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова билдирди.
«Парламентте депутат аялдардын форуму иш алып барат. Мына ошол форумдун алкагында зордук-зомбулукка байланыштуу баардык кайрылууларды карап чыгып, изилдеп, чечимди өкмөткө жолдойбуз. Биздин каада-салт, үрп адаттарыбыз бар эмеспи. Жүрүшкө «чай куйбайм», «бала төрөбөйм» деген лозунгдар менен чыкканы социалдык тармактарда жарыяланды. Өзүмдү мисал кыла турган болсом, мен кыргыздын келинимин, чай кугандан эч нерсе болгон жокмун. Ошондой эле өлкөдө аял менен эркетин укугу бирдей каралган. Алсак, БШКнын, Жогорку Соттун төрайымдары аял кишилер»,-деди эл өкүлү.