Кыргызстанда 15-апрелден кийин да өзгөчө абалды узартууга болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
“Эгер өлкөдө өзгөчө абал узарып кетсе жарандардын жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына абдан чоң зыян келет. 15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды текшерип, аларды карантинге алыш керек. Ал эми калган жарандардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлүшү керек. Болбосо өлкөгө кыйын болуп калат”-деди Сулайманов.