• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуучулар деле таң атпай мектепке барып жатат… Депутат Мадумаров кесиптештерин тартипти сактоого чакырды

12 Үчтүн айы 202210:58 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Адахан Мадумаров жалпы жыйында сөз сүйлөп, кесиптештерин тартипти сактоого чакырды. Ал өз өзүндө алгач жыйынды өз убагында баштоону талап кылды.

«Жогорку Кеңештин жыйыны саат 10:00дө башталат дегенден кийин ошондо башталышы керек. Беш мүнөт калганда залга келип отурсак… 6-7-класстын балдары 7:30да мектепке сабакка барып жатат. Тартипти өзүбүздөн баштасак. Анан дагы бир маселе, сүйлөгөндө таза кыргызча же таза орусча сүйлөсөк, аталасын чыгарбайлы», — деди Мадумаров.

Бүгүн, 12-январда парламенттин жыйыны өтүп жатат, анда депутаттар ЖК түзүмүн бекитип, вице-спикерлерди шайлаша турганы маалымдалган.

Количество просмотров: 2549