Бүгүн улуттук коопсуздук органдарынан тескерисинче кыргыз жарандарын коргош керек болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда депутат Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.
“Бүгүн улуттук коопсуздук органдарынан тескерисинче кыргыз жарандарын коргош керек болуп калды. Башта кылмышкерлерден коргош керек болсо, азыр коопсуздук кызматынан, милициядан, прокуратура, соттордон кыргыз жарандарын коргош керек болуп атат”, — деди Мадумаров.
Ошондой эле депутат Мадумаров өлкөдө адамдардын жеке жашоосуна байланыштуу аудио, видеолор жашыруун жаздырылып, таратылып жатканын сындады.
Белгилей кетсек, комитет жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишмердигин жөнгө салган 5 мыйзам долбоору талкууланды.