• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат: Мадумаровдун тилин кесип, сүйлөтпөй койгонго биз себепкер болбошубуз керек

2 Кулжа 2022 15:32 Бишкек Govori.TV

Адахан Мадумаровдун тилин кесип, сүйлөтпөй койгонго биз себепкер болбошубуз керек. Мындай пикирин бүгүн, 2-июнда депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Урматтуу төрага, биз күн тийген жердин күкүгү болбошубуз керек. Бул дагы (ред. Адахан Мадумаров) биздин арабызда отурган депутат. Макул, кимге кандай мамилеси бар экенин өзү чечишип алат. «Жооп берейин, микрафонго чыгайын, мен дагы айтайын» деген сөзүн мен кайрадан добушка коюңузду өтүнөм! Мадумаров дагы адам, ушул жерде депутат. Баарыбыз отуруп, Мадумаровдун тилин кесип, сүйлөтпөй койгонго биз себепкер болбошубуз керек. 10 мүнөт чыгып сүйлөп койсун, башка эмне маселе?»,-деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров кайым айтыша кеткен болчу.

Количество просмотров: 11884