• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Парламентте Ташиев менен Мадумаров кайым айтышты

2 Кулжа 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды Жогорку Кеңештин трибунасынан негизсиз, далилсиз маалыматтарды айтпоого чакырып, Адахан Мадумаровдун айткандарына жооп кайтарды.

«Жогорку Кеңеште депутаттар тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча маселелер көтөрүлгөн. Бир нече маалыматтар туура эмес айтылганына байланыштуу президенттин тапшырмасы менен сиздерге туура маалыматты берүү менен Жогорку Кеңештин трибунасынан негизсиз, далилсиз сөздөрдү айтпооңуздарды суранып, маалымат берип кетейин. Эгерде кандайдыр бир маалыматтар керек болсо биз ар дайым расмий маалымат бергенге даярбыз. Кээ бир маалыматтарды толук бул жерден айтпайбыз. Депутат Адахан Мадумаров бир нече жолу «УКМК кызматкерлери элдин канын соруп, жон терсин шылып жатат» деген маанидеги сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, өзүнүн жеке амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго ачык эле айтып коюшум керек. Ушул аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз да сиз жөнүндө контрабандалык жүктөрдү ташыган адамдарды кандай жаап-жашырып, үстүнөн «крыша» болуп жатканыңызды ачык айтабыз. Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, ким менен кайсы жерде эмне кылып жүргөнүңуздү айтып берем. Унчукпай жөн отуруңуз. Азыр айтып берем»,-деди Ташиев.

Жыйында отурган Мадумаров Ташиевден далилсиз фактыларды айтпоону талап кылды. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кесиптештерин сабырдуулукка чакырды.

Количество просмотров: 14937