• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Депутат Мадумаровго башка берене менен айып тагылып жатат

4 Жалган куран 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия ишин 10-мартка чейин улантат. Бул тууралуу Мадумаров Ак үйдүн алдына чогулуп турган тарапташтары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, айрым депутаттар шашылыш чечим кабыл алуу туура болбой каларын айтып, ишти кароо мөөнөтүн узартууну сунушташкан. Натыйжада комиссиянын иши 10-мартка чейин жылган.

«Депутаттык комиссиянын түштөн кийинки жыйынында «323-берене туура эмес коюлган, биз аны 338-беренеге кайра кайтардык» дешти. Бул жөнөкөй маселе эмес. «Чыккынчы» деген беренени коюп алып, бардык жерде сайратып, бир айдан кийин «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген беренеге алмаштырдык дегени кандай деген сөз?! Бул адамдын тагдыры, менин да тууган-уругум, жоро-жолдошторум бар. Алар эмне деп ойлошот? Мен ушул мезгилге чейин бир гана нерсеге баш уруп келдим: ал — менин атым, менин фамилям. Өмүр бою эл-жер деп жүргөн адамга ушундай күнөө такканыңар адамдын акылына туура келбейт. Ошондуктан мен Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгымды билдирем, абдан принципиалдуулугун көрсөтүштү», — деди Мадумаров.

Эске салсак, 3-мартта депутаттар «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын жабык эшик артында укту.

Количество просмотров: 490