• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат: Мамлекет ар бир үйгө заманбап даараткана салып бериши керек

2 Кулжа 2022 12:16 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө республикалык бюджеттин эсебинен заманбап даараткана салып берүү сунушун айтты. Бул тууралуу депутат ЖКнын жалпы жыйынында билдирди.

“Бул элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталат. Бизде калктын басымдуу бөлүгү чоң аталарыбыз, бабаларыбыз барган дааратканаларга барып келишет. Маданиятты өнүктүрүүгө багытталган программа керек, ага ылайык мамлекет өзүнүн эсебинен ар бир үйгө заманбап даараткана душу менен санитардык блок салып бериши керек. Жарандын жашаган үйүнө жараша аларды 3 түргө бөлсөк болот. Ага кеткен каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп, ар бир жаран ал сумманы ипотека катарында 10, 15 же 20 жылдын ичинде төлөп бериши зарыл. Азыркыга чейин мектеп курулса, дааратканасы сыртында жайгашат. Бул туура эмес. Биз цивилдүү өлкөлөрдүн катарына кошулушубуз керек”, — дейт депутат.

Количество просмотров: 2995