• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат: Маркумдун көрүн казгандарга сый акы бергенди токтотуу керек

28 Бирдин айы 2022 11:25 Бишкек Govori.TV

Маркумдун көрүн казгандарга сый акы бергенди токтотуу керек. Мындай пикирин депутат Айбек Маткеримов билдирди.

«Маркумду коюп келгенден кийин көрүн казгандарга, жуугандарга көп жерде сый акылар берилет. Мындай көрүнүштөрду токтотуу керек. Бир жыл бою аза күтүп, кийин ак кийим кийген тойго айланып кетип жатат. Биздин мындай салтыбыз болгон эмес», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-февралда «Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрүп жатат.

Количество просмотров: 2200