• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Депутат Дастан Бекешев: «ЖМКдагы жалаа, кемсинтүү үчүн жазалоочу мыйзам долбоору аткаминерлерге эмес, карапайым адамдарга иштеши керек»

3 Аяк оона 202412:09 Бишкек Govori.TV


Депутат Дастан Бекешев жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте мазактоо, жалаа жабуу үчүн жазалоо боюнча мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, аны аткаминерлер гана активдүү пайдаланарын эске салды.

«Бул аткаминерлердин куралы, анткени алар жалаа же кемсинтүү үчүн урушуп-талашпай эле айыптууну мамлекеттик аппарат жазаласын деп, Маданият министрлигине кайрылышат. Бул мыйзам долбоору жарандарга зыян келтирет деп эсептейм. Бирок менимче, кандай болгон күндө да мыйзам кабыл алынат. Ошентсе да ал аткаминерлерге эмес, карапайым жарандарга иштегендей кылышыбыз керек. Анан айыптын суммасын азайтыш керек. Мен бул боюнча тиешелүү сунуштарды берем», — деди Бекешев.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Укук бузуулар кодексин ЖМКда, сайтта же сайттын интернеттеги баракчасындагы башкаларды кемсинтүү жана жалаа жабуу үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене менен толуктоону сунуштагандыгын эске салабыз. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернеттеги сайттын баракчасында айтылган кемсинтүүлөр, башкача айтканда, ар-намысты жана кадыр-баркты атайылап кемсинтүү үчүн жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 сом өлчөмүндө айып салуу сунушталып жатат.

Количество просмотров: 106