• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутат: Мас айдоочулардын кылыктарын көз жаздымда калтырбоо керек

11 Кулжа 2020 11:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков жалпы жыйын учурунда мас абалында унаа башкарган айдоочулар тууралуу сөз козгоду.

Анын айтымында, жоопко тартпай коюу жаңы кылмыштын жаралуусуна алып келет.

«Айдоочулардын кылыктары да өлкөнүн беделине сокку болуп жатат. Мисалы бири өзунун жол тандабасында күзөтчүнүн буткасын сүздүрүп, анысы аз келгенсип чыгып алып күзөтчүгө кол көтөрүп жатат. Анан Кеминге чейин куушуп барып жатышат. Экинчиси Ысык-Көлдө катталып жатат, айдоочу унаасы менен бассейинден секрип жатат. Убактысында жаза албаса булардын баары көз жаздымда калып жатат. Анан кеч болуп калат. Ушунун баарын көрүп билип турган туристтер бизге келүүдө ойлонуп калышат да», — деди депутат.

Количество просмотров: 59