Матраимовдун үйлөрүн чекисттерге эмес, жетим балдарга берүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева билдирди.
«Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдон алынган батирлер эмне үчүн УКМКнын кызматкерлерине берилиши керек? Мен аны балдар үйүнөн чыккандарга жана кризистик борборлорго берүүнү сунуштайм», — деди Бешимбаева.
Кошумчалай кетсек, бүгүн 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимов 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна тогуз батири менен бир соода борборун өткөрүп бергенин айткан. Анын сегизин УКМК кызматкерлерине бериле турганын кошумчалаган.