Улуттук банктан алтын куймаларын сатып алгандар анын баасы түшүп кеткенине нааразы болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова билдирди.
Анын айтымында, алтындын баасы боюнча жарандарга толук кандуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес.
“Президент “алтындын баасы өзгөрбөйт, түшпөйт” дегенден кийин биздин миңдеген жарандарыбыз алтынды көп алып, чогулткан акчасын алтынга салып койгон экен. Баа төмөндөп, кыжаалат болуп жатышат. Алтынга салынган акча узак мөөнөттүү инвестиция экенин, анын баасы күн сайын өзгөрүп, өйдө-ылдый болуп турары боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул маалыматтарды элге жеткириш керек»,-деди депутат.