• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Депутат: Мигранттардан акчасын алганга жанталашабыз. Азыр аларды өлкөгө алып келе албай жатабыз

14 Чын куран 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

Мигранттардан акчасын алганга жанталашабыз. Азыр аларды өлкөгө алып келе албай жатабыз. Мындай пикирди бүгүн, 14-апрелде биргелешкен комитет жыйынында депутат  Жанар Акаев айтты.

«Эл өкүлдөрүнүн 80 пайызына Түркия, Дубай, Новосибирсктеги мейманканаларда калган мекендештерибиз байланышып ыйлап жатышат. Сиз деле аларды ойлойсуз түшүнүп турам. Бирок Өкмөт ушул маселеде кайдыгер мамиле жасап жаткандай сезилип жатат. ТИМ учак жиберебиз дегенден алар үмүт менен күтүп жатышкан дагы болбой калды. Экономиканын өзөгүн ошо мигранттардан келген акча түзөт, турмушубузду ошолор оңдоп жатат дегенибиз менен ушундай кырдаалда аларды таштап койгонубуз туура эмес»,-деди депутат Акаев.

Количество просмотров: 286