• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Депутат министр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссияны жоюп салууну сунуштады

15 Бугу 202413:02 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссияны жоюу сунушталды. Бул туурасында бүгүн, 15-майда ЖКнын жыйынында депутат Кубанычбек Самаков айтты.

Анын айтымында, комиссия түзүү демилгесин көтөргөн Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырып кеткендиктен комиссия эч кимди сурай албай жаткан.

3-апрелде парламенттин ошол кездеги депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен комиссия түзүлүп, ага Жусупбек Коргонбай уулу өзү да кирген. Кийин комиссиянын мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы алмашкан.

Количество просмотров: 164