Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тариел Жоробеков ун жана суу майдын баасын көзөмөлдөө боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, министр Токтогазиев эт маселесине басым жасагны менен башка азык-түлүктөрдүн баасына көнүл бурулбай жатат.
«Эттин баасын түшүрүү боюнча маселе көтөрүп жатабыз, а эмне үчүн ундун баасын түшүрүү боюнча маселе көтөрбөйбүз? Март айында бир кап ун 1300 сом эле, а бүгүн 2100 сом болду. Ошондой эле суу майды айталы. Сиз эт маселесине басым жасадыңыз, эмнеге буларга басым жасабайсыз?», — деп суроо узатты депутат айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге.
Токтогазиев Айыл чарба министрлиги социалдык жактан маанилүү товарларга басым жасап жатканын айтты.
«Бир аптада 2-3 жолу өкмөт менен жыйын өткөрүлүп жатат. Анын ичинде ундун баасын дагы көзөмөлдөп жатабыз», — деди Токтогазиев.