• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат министрге Фани деген «серый кардинал» менен аралашпоону эскертти

3 Тогуздун айы 2023 12:46 Бишкек Govori.TV

Фани менен аралашкан далай кишинин башы түрмөгө кетет. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда өткөн социалдык саясат комитеттин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

«Бизде «серый кординал» дейбизби Фани деген образ бар экен. Ушул жөнүндө маалыматыңыз барбы? Сиз ал менен жолуктуңүзбу? Жолуксаңыз кандай иштешесиз? Фани көп министрлердин түбүнө жетип жатат»,-деди депутат.

Ал эми Кендибраева аны көрө электигин айтты.

«Фанини көрө элекмин, жолуга элекмин. Субьект менен субьект өздөрү иштесин министрлик ортомчу болбойт»,-деди Кендирбаева.

Талиева Фани боюнча алдыда дагы көп чыр боло турганын кошумчалады.

«Чоң саясат, чоң чыр. Фани менен аралашкан далай кишинин башы түрмөгө кетет»,-деди Талиева.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты сөз кылып жаткан жаран Поту Фани Бхушан. Ал өлкөдөгү медицина багытындагы жогорку окуу жайларга Индиядан студенттерди алып келген контрактерлордун бири. Ошондой эле ал «Медициналык билим берүүнү колдоо фондунун» жетекчиси.

Биздин редакция өткөн жылы чет элдик студенттерден бизнес жасагандар тууралуу иликтөө жасаган. Анда Поту Фани Бхушан тууралуу кененирээк баяндалат.

Количество просмотров: 2953