• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат министрге: Канчабыз кырылышыбыз керек?

17 Кулжа 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында премьер-министр кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн курамы каралып жатат.

Анда депутат Акылбек Жапаров коронавирус инфекциясы боюнча меселе көтөрүп, саламаттыкты сактоо министрине суроо узатты.

«Кечээ саламаттыкты сактоо министринен сурандым эле. Өнүккөн өлкөлөрдө дарылар чыкты. Сиз качан буйрук чыгарасыз, өнүккөн өлкөлөрдүн дарыларын клиникалык сыноолор жок эле колдоно берели деп?», — деди депутат.

«Кечээ сиз айткандан кийин баарын карадык, муну биз өзүбүздүн буйрук менен киргизе албайбыз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын тыянагы сунушу менен болушу керек. Бул дары-дармектер аягына чейин изилдене элек», — деп жооп берди министр.

Ал эми эл өкүлү «азыр сиздин ушундай позицияңыздан далай киши кырылып калат», — деген пикирин айтты.

«Сиздин азыркы позиция менен канчабыз кырылышыбыз керек, сиздин клиникалык сыноолор бүткүчө? Жүздөн ашык кишилер ооруй баштады. Биз мышыкка, анан чычканга… Биздин Дары-дармек депортациясы качан уруксат берет, бүт коррупциялык схеманын баары иштейт деп отургуча Кыргызстандын канча кишиси кырылат?», — деди депутат.

Кубатбек Бороновдун айтымында, былтыр өнүккөн мамлекеттерде колдонулуп жаткан дары-дармектерди сыноодон өткөрбөй эле колдонуу чечими кабыл алынган. Ал мамлекеттердин тизмеси түзүлгөн. Бул маселе Республикалык штабдын деңгээлинде каралат.

Количество просмотров: 211