«Камсыздандырууга ким жооп берет, мамлекетпи же жеке компаниялар да барбы?”. — деп сурады депутат Мирлан Самыйкожо бүгүн, 11-октябрда “Элдик” депутаттык тобу менен “Альянс” фракциясынын биргелешкен жыйынында.
Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен катар жеке камсыздандыруу компаниялары бар деп жооп берди.
Депутат жеке камсыздандыруу компанияларынын мамлекетке кереги жок деп эсептейт.
«Алар бизге эмне үчүн керек? Мүмкүн мамлекет бул функцияны толугу менен өзүнө алат?» – деп сунуштады Мирлан Самыйкожо.
А.Касымалиев баарын мамлекет өзүнө алса туура эмес болот деп жооп берди.
«Жеке камсыздандыруу компаниялары ар дайым иштеп келген жана бүгүнкү күндө аларга эч ким тоскоол болгон жок. Мамлекет бардыгын камсыздандырса туура болбойт», — деп кошумчалады ал.