• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Момбеков Атамбаевдин абалы тууралуу айтты

21 Бирдин айы 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кирип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Жолугушууга барган депутаттардын катарында Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков жана Мухтарбек Айнакулов бар.

Депутат Рыскелди Момбеков Атамбаевдин ден соолугунун абалы ортодон төмөн экенин билдирген.

«Ал «күнөөсү жок суракта жүргөн, камакта отурган балдарымды ойлоно берип түнкүсүн аябай түшүп кетип жатат. Мындай болчу эмес. Бирок аягына чейин чыдайм» деп айтты. Турганда ордунан жыгылып кете жаздаганын баарыбыз эле көрдүк да»,-деди Момбеков.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлап жатканын бир нече күн мурда балдары жана адвокаты айтып чыгышкан. Бирок УКМК анын абалы туруктуу экенин кабаралган.

Количество просмотров: 1556