• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү? Турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетишпесин…

27 Тогуздун айы 2021 11:55 Бишкек Govori.TV

Депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү?» деген суроо салды.

«Акылбек Үсөнбекович өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?», — деди депутат.

Ал эми Жапаров келерки жылы мугалим менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү пландалып жатканын айтты.

«Мен Финляндиянын мисалын келтиргем. Аталган өлкөдө жыл сайын сурамжылоо жүрүп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалим менен архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деп билдирди ал.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-октябрда өткөн парламент жыйынында «2022-жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз» деген пикирин айткан болчу.

Количество просмотров: 946