• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Нарматованын баласы камактан бошотулду

30 Бугу 2023 15:24 Бишкек Govori.TV

Депутат Надира Нарматованын абакта жаткан уулунун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, каматан чыкты. Чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабылган.

Соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырып, Н.А.Н.га карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн. Ал эми учурда үй камагында.

Эске салсак, буга чейин Ош облусунда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу кармалганы кабарланган болчу. Маалым болгондой, А.Н. Бажы тариздөө тобунун башкы инспектору болуп иштеген.

«А.Н. УКМК тарабынан кармалып, Бишкекке алынып келинди. Борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 22-майга чейин камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, УКМКнын басма сөз борбору Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажычылар менен ишкерлердин кармалганын билдирген. Алдын ала мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Ведомстводон билдиришкендей, кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары да бар. Кийинчерээк УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин күйө баласы бар экенин тастыктады.

Количество просмотров: 84