• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат насыянын пайыздык өлчөмүн «адал» жана «адал эмес» деп бөлүүнү сунуштады

28 Чын куран 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттик жыйында депутат Шайлообек Атазов кыргыз эли банк тутумунун кулу болуп калгандыгын билдирди.

Анын айтымында, үстөк пайыз менен насыя алгандар күн сайын көчөдө турушат, өзүн-өзү өрттөйбүз деп жатышат.

“Эмне үчүн Улуттук банк мыйзам долбоорун элдин кызыкчылыгына алып келбейт? Күн сайын адамдар өзүн-өзү өрттөйбүз, өзүн-өзү өлтүрөм деп айтып чыгып жатышат. Элибиз кыйналып кетти го. Кыргызстандыктар банктарга иштешет, алар канын ичип бүттү. Кыргыздар кул болуп калышты. Адамдар акыркы килемди, акыркы уйду сатып жатышат, биздин энелер ыйлап жатышат. Биз кичинебизде укчу элек бир 10 пайыз же 20 айыз менен берет деп, азыр 45 пайыз менен берип калыптыр. Камчыбековна ушу пайыздардын канчасынан өткөндөн кийинкиса адал болот, менде 8 пайыздан жогору көрсөткүчтү “адал эмес” деп коюу сунушу бар да», — деди Атазов.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева адамдык мүнөздө, албетте, өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдарды түшүнсө болот деп жооп берди. Бирок, рыноктук чендер суроо-талап менен сунушка жараша калыптанат.

Количество просмотров: 152