• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Депутат Никитенко парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштады 

9 Теке 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко күздө өтчү парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштап, бийликке кайрылды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бардык күчтү шайлоого эмес, пандемия жана элдин өмүрүн сактап калууга жумшоо керек.

“Пандемия күчөп, өлгөн адамдарды көмүүгө жетишпей жатканда, саламаттыкты сактоо системасы түз мааниде айтканда тумчугуп жатканда, медициналык жабдууларды алууга, дарыгерлерди камсыздоого тезинен каражат табуу керек болуп турганда шайлоону өткөрүүгө миллиондордун салынып жатканы, үгүт иштерин жүргүзүүгө мүмкүн экени тууралуу маалыматтардын жүрүп жатканы – эң уят. Бүгүнкү күндө эл ишенимине кирген жоопкерчиликтүү өкмөт керек болуп турат. Алардын негизги максаты – шайлоону өткөрүү эмес, кризистен чыгаруу жана өлкөнү сактап калуу болушу керек”, — дейт Никитенко.

https://www.facebook.com/100002041140524/posts/3121186697959338/
Количество просмотров: 123