Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман” фондунун мурдагы жетекчиси Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалым болгондой, депутат “Ыйман” фонддун ишмердигине байланыштуу иштин алкагында суракка чакыртылган.
22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.
Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Мындан улам текшерүүчлөр “Ыйман” фондунун ишмердигине «толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес» деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган.
Атайын кызмат азырынча “Ыйман” фондуна байланыштуу иш боюнча маалымат бере элек.
9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду.