• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Орозайым Нарматова суракка чакыртылды

14 Үчтүн айы 2022 13:31 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитети Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы 14-январда саат 16.00го суракка чакырганын.

Депутат ал эмне үчүн суракка чакыртылып жатканынын себебин билберин айткан.

Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол тууралуу сурак берип жатканы белгилүү болду.

Эск салсак, 2021-жылдын сентябрь айында милиция Нарматованы Ош аба майданынан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. ИИМ Нарматова Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Количество просмотров: 654