Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламент жыйынына «Ала качууга» — кыздарды уурдоого каршы пикирин билдирген плакат менен келди.
Анын айтымында, ал маршка чыга албайт, бирок парламенттин жыйындар залында митинг өткөрөт.
Депутат милициянын аракетсиздигине нааразычылыгын билдирип, прокуратурадан бардык пункттарды кылдаттык менен текшерип чыгууну өтүндү.