• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат пенсионер мугалимдерди жумуштан кетирип, жаштарды алууну сунуштады

20 Кулжа 2022 15:10 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Ырысбек Атажанов мектептердеги пенсионер мугалимдерди жаш кадрлар менен камысыздап, алмаштыруу сунушун берди.

Депутаттын айтымында, бул маселе боюнча көптөгөн кайрылуулар келип жатат.

“Мектептерде иштеп келген кадырлуу пенсионерлер бар. Кээ бир билим берүү мекемелеринде 40 жылдан бери иштеп жаткан мугалимдер кездешет. Аларды пенсияга кетирип, ордуна жаштарды жумушка алсаңар кандай болот?”, — деп сурады депутат.

Эл өкүлүнө жооп берген Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова, «эгерде мугалим күчтүү кадр болсо, ал иштей берет, мыйзам боюнча пенсияга чыккандан кийин иштебеш керек деген норма жок”, — деп жооп берди.

Количество просмотров: 1811