• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат өкмөттөн пенсия жана жөлөкпул боюнча ачык маалымат талап кылды

6 Бугу 2020 11:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 6-майда парламенттин жыйынында өкмөттөн жөлөкпул жана пенсияларды берүү тууралуу чындыкты айтууну талап кылды.

«Бүгүнкү күнү элде “июнь айынан тартып пенсия, жөлөкпул бере албай калат экен” деген сөз жүрүп жатат. Ошону өкмөт башчы брифинг өткөрүп, элге ачык айтсын. Мындан тышкары 2000 сом төлөп, тесттен өтүү маселесин да түшүндүрүп койсун. Антпесе, элде нааразычылык күчөп жатат”, — деди Жанар Акаев.

Жогорку Кеңеш бүгүн табигый кырсыктардын кесепетин жоюу тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат. 

Количество просмотров: 295