Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев («Республика — Ата Журт») жакын тааныштарынын бири 12-мартта Сауд Арабиядан кайтып келгенин айтты. Ал кичи ажылык сапарга барган.
«Мен аны менен сүйлөштүм. Ал 12-мартта келгенин, баары менен жолугушуп, сүйлөшкөнүн айтты. Кечинде аларды алып кетишип, «Ак-Кемеге» жеткиришти», — деди депутат.
Депутаттын айтымында, Европа коронавирустан коргонуу эрежелерин так жана толук сактабагандыктан абал курчуп кетти.
«Бизде да абал ошондой. Адамдар олуттуу карабагандай», — деп кошумчалады депутат.
Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус табылганы маалым болду. Алар Сауд Арабиядагы кичи ажылык сапардан кийин 12-мартта кайтып келишкен.